Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Биримдик» №1. Замирбек Осмонов: «Инвестициянын кѳлѳмүн 2 эсеге кѳбѳйтѳбүз»

«Биримдик» №1. Замирбек Осмонов: «Инвестициянын кѳлѳмүн 2 эсеге кѳбѳйтѳбүз»

25-сентябрь, 15:15
529 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Кыргызстан жашоого ыңгайлуу, эли бай, эркин жашаган ѳлкѳгѳ айланат. Биз адамдын жашоосуна жагымдуу шарттарды түзѳбүз», - деди «Биримдик» партиясынын талапкери Замирбек Осмонов Баткен облусунун эли менен болгон жолугушууда. 

Ал ѳз сѳзүндѳ, «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын башкы максаты – аймактарда приоритеттүү долбоорлорду ишке ашырып, айыл-чарба продукцияларын, тигүү-текстиль продукцияларын кайра иштетүү, туризмди ѳнүктүрүү багытындагы кластердик долбоорлорду ишке ашырууну колдоо максатында каржы институттардын жана фонддордун ишмердиктерин күчѳтүүгѳ инвестициянын кѳлѳмүн 2 эсеге кѳбѳйтүү. Анын белгилѳѳсүндѳ, партиянын программасына ылайык. 20 шаарды ѳнүктүрүүнүн генералдык планы иштелип чыгат. Ал рынок экономикасына ылайык келип, бүгүнкү күндүн талаптарына жооп берет. 

«Ар бир шаарды ѳнүктүрүүнүн генералдык планы болуп, ал деталдуу пландоону, инженердик-транспорттук инфраструктура, турак-жай, социалдык-маданий, коммуналдык-турмуштук маселелерди ѳзүнѳ камтыйт. Шаарларды ѳнүктүрүүнү пландоонун жогорудагы элементтери шаарлардын экономикалык, географиялык, маданий-тарыхый ѳзгѳчѳлүктѳрүн эске алат», - деди ал шайлоочуларга кайрылып. Ошондой эле талапкердин айтымында, ар бир аймактын адистештирилгенин эске алуу менен 7 логистикалык борбор ишке киргизилет. Ѳлкѳнүн агро ѳнѳр-жай, кооперация жана кластердик долбоорлорду ѳнүктүрүүгѳ каржылык колдоолор кѳрсѳтүлѳт. 


«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер