Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр Жунушалиевге “Азия Ньюс” 300 миң сомго утулду. Гезит жабылабы?

Министр Жунушалиевге “Азия Ньюс” 300 миң сомго утулду. Гезит жабылабы?

24-сентябрь, 12:55
849 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча коллегиясы – К.Осмоналиевдин төрагалыгында, судьялар Б.Батыралиев менен К.Жунушбаевдин катышуусунда 23-сентябрда процесс болду. Доогер, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин арызы боюнча Бишкек шаардык сотунун “Азия Ньюс” гезитине 300 миң сом айып пул салган чечимин жокко чыгаруу максатында кассациялык тартипте башкы редактор Асланбек Сартбаев кайрылган. Тилекке каршы, адилетсиздик ойноп кетти...

“Азия Ньюс” гезити 2019-жылдын 25-апрелинде “Кашаң кашкар” деген материалды, ошол эле жылдын 16-майындагы санына “Генерал Абдыкаровдун кадрларына күнү түшкөн Жунушалиев кетсин!” деген макала жарыялаган эле. “Макаладагы “Кашаң Кашкар”, “акмакчылык”, “бекер жерден каблук кийбейт экенсиз да” деген сөздөр аброюма шек келтирди” деп министр Кашкар Жунушалиев Октябрь райондук сотуна арыз менен даттанган. Судья Тынара Абдиева КР өкмөтүнө караштуу мамлекеттик соттук эксперттик кызматынын эксперти Ж.А.Семенованын чыгарган бир жактуу тыянагына таянып, ишти доогердин пайдасына чечип, “Азия Ньюс” гезитине бир миллион сом айып пул салган. Негизсиз жана мыйзамсыз! Редакция бул чечим менен макул болбой, шаардык сотко апелляциялык тартипте кайрылган. Бишкек шаардык сотунун судьялары Б.Толубаева, Н.Илиязова, Д.Молоев 2020-жылдын 17-июнунда гезиттин арызын карап, аны жарым-жартылай канааттандырып, бир миллион сомду 300 миң сомго азайтып, чечим чыгарган болчу. Биз акыйкат издеп, шаардык соттун чечимине макул болбой, кассациялык тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна бергенбиз. Жогорку сот биздин сурообузду канааттандырган жок, тескерисинче, Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Бул көрүнүш басма сөз эркиндигин кысуу, жокко чыгаруу катары бааланат. Кыргызстан демократиянын аралчасы болуп турганда, “Азия Ньюс” гезити жабылуу коркунучуна кабылды. Мындан аркы кадамдарыбыз кандай болот? Бир Кудай билет...


“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер