» Саясат » Сынчы Аскар Медетов кайсы үлкөндү муунткан?
Сынчы Аскар Медетов кайсы үлкөндү муунткан?
27-январь, 12:00
615 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Садыр Жапаров бийликке келип, Лондондогу элчи Эдил Байсалов “ат тезегин кургатпай” улам Бишкекке келип, жансоога сурагандай мамиледе жүрчү. Ошондой кездин биринде Hollywood Pub эс алуучу жайында калемгер досу Асланбек Сартбаев, сынчы Аскар Медетов, иниси Марат Тагаев болуп отуруп калышат. Бул эми эс алуу кечеси да. Эркин темада ар кыл сөздөр коштолуп, жыйынтыгында, жаңжал чыгып кетип атпайбы. Аскар Медетов капыстан Эдил Байсаловду алка-жакадан алып, муунтуп баштаганда Асланбек менен Марат ажыратып калган. “Ох-х, дем алып алайынчы?” деп Эдике муңканып, “өлдүм-талдым” дегиче калыбына келгени эсибизде. Аскар агай анчалык деле чатагы жок, “кишичил” эмес, бирок бул саам итиркейи келип, өзүн кармай албай кол салып жибергени таңгалычтуу болгон...