Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Илим, билим тармагын Медетбек Букуев менен Болотбек Купешов чөгөрүп баратабы?

Илим, билим тармагын Медетбек Букуев менен Болотбек Купешов чөгөрүп баратабы?

10-сентябрь, 17:23
1 694 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда эмне көп? Май куюучу жайлар, тойкана, анан албетте, университет көп. Жогорку билим берүү тармагы качан эле бизнеске айланып, алты жарым миллион элге 52 университет ачылды. Алар диплом берип чыгарган адистеринин деңгээлин Жогорку Кеңештин сабаты жоюлбаган депутаттары өздөрү эле далилдеп берип жатышпайбы.

Билим берүү министрлиги университеттерге лицензия бергенди эле билет экен. Алардын рейтинги такталган эмес, кимиси кандай деңгээлде экенине биздин “реформатор” министрлер кызыкпайт. Болбосо өлүү жандардын эсебинен жансактап жаткан канча “карлик” университет иштемиш болуп түр көрсөтүүдө. Университеттик билим берүүнүн сапаты көтөрүлбөсө, жакшы адистерди ким даярдап берет? Билими тайкы, сабаты жоюлбаган адистер менен алыска бара албай турганыбызды чаласабат депутаттардан көрдүк го. Президенттин кеңешчиси Медетбек Букуев ректорлорду “крышовать” эткенди токтотуп, сапатты талап кылбайбы, же болбосо “өзүң каалагандай башкар” деп соколовкалык билим берүү жана илим министри Болотбек Купешовго эки тизгин бир чылбырды бербейби? Ал болсо “Медетбек абам эмне дейт?” деп ректорлорго ооз ача албай отурат. Университетти бизнеске айлантып алган “түшпөс хан” ректорлор министрди тоготушпай, ошон үчүн айрым университеттер окутуучулук курамдын жайкы эс алуусун 15-сентябрга чейин мыйзамсыз узартып, айлыктарын төлөбөй жатыптыр. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер