Бабанов колдоочуларын талаага таштап, өзү гана жыргай береби?

2017-жылы президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабанов 600 миңден ашык добуш алган. Кызык, калың элдин ишенимин, электоратынын үмүтүн актабайбы? Ушунчалык деңгээлде колдоого арзып туруп, баарын жыйыштырып, учурда жыргап жүргөнү кандай?..
Бабанов бийлик менен сүйлөшүп алып, козголгон кылмыш иштерин жаптыруу менен алек. Тоого чыгат, ойго түшөт. Өз кара башын ойлоп, доор сүрүп жүргөнүн кара. “Саясаттан кеттим” деп кутулган. Шылтоосу да табыла калат...
Кызыгы, ал олку-солку күндөрдү кыялданып, бийликтен оомат кетерин күтүп жүрсө керек. Пандемиядан кийин элдин турмушу начарлап, шайлоого карай кырдаал татаалдашып турган чакта, эмне үчүн Бабанов адилеттүү сөзүн айтпайт? Көпчүлүк күтүүдө. Эртең кайра саясатка келсе, эл кабыл албай койбойбу? Андыктан, коомчулуктагы көрүнүштөргө баа берип, карапайым калк менен камыр-жумур болбосо, эртең баары кеч...
Негизи Бабанов үзөнгүлөштөрүн, кечээги тарапташтарын талаага таштап кетти. Өзү гана жыргаса болдубу? Нааразы пикирлер курчуп баратат...
Aryba.kg