Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр Кашкар Жунушалиевди жоготтук! Ким көрдү?

Министр Кашкар Жунушалиевди жоготтук! Ким көрдү?

06-август, 16:18
2 637 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чын эле, Кашкар Жунушалиев такыр көрүнбөй кетти. Уккан-билген барбы? Эмнеге мынча жашынды? Пандемия апаатынан арыла албай жатсак... 

Аз күн мурун ИИМге машиналар берилсе, аларды орун басар Алмаз Орозалиев кабыл алды. Буга чейин коронавирустан канчалаган милиция кызматкерлери жабыркашып, оорушуп, бир канчасы оо дүйнөгө сапар тартышты. Министр катары Кашкар Жунушалиев баш көтөрүп, өздүк курамдын духун көтөрүүгө жарабады. Жылуу сөз айтып, дем бергенге дарамети жетпесе, анан кайдагы жакшылыкты күтөсүңөр? Милициянын толгон-токой түйшүгүн, көйгөйүн көтөрө албаса, же кыйраткан реформасы болбосо, ИИМдин имаратын кайтарып эле отурабы?.. Эми алдыда парламенттик шайлоо келатат. Өлкөдөгү коомдук-коопсуздук абалды, аламандагы ат тезегин кургатпаган башаламан көрүнүштөрдү тартипке келтирип, тике туруп иштей турган кез келди го. Бул эмнеге кабинетинен чыкпай жатат? Вирустан корксо, элге бара албаса, анда сыйы менен пенсияга кете бербейби? ИИМде иштин майын чыгара турган жаш кадрлар арбын эмеспи, ошолордун бири келсин. Бирок, “илгеркилердин” итибай салтын жокко чыгаралы: “Чүйдөн гана министр болсун” деген! Ооз-мурундары кыйшайбай эле милициянын жетекчилигин регионализмге салышып, таза сазга батырышмай болушту. Эмесе, бул саам Жалал-Абаддан же Оштон министр болсун! “Ошондо оңолуп кетебизби?” деген үмүт бар...


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер