Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кийиминин түсүнө жараша китепти колго алган Туманбаев билимдүүбү?

Кийиминин түсүнө жараша китепти колго алган Туманбаев билимдүүбү?

16-июль, 15:08
1 254 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Икрам Илмияновдун “бизнесин айландырган” Каныбек Туманбаев аттуу ишкер бар. Вируска каршы айрым дары-дармектерди бекер таратары айтылууда. Чын болсо “азамат” дейли. Кызыгы, бул жагынан пиар кылып, бирок окшошпой калып атканы кандай?..

Моделдерге түспөлдөшөйүн дегениби, айтор, береги сүрөткө атайылап түшүптүр. Жасалма китепкөй экенин көрсөтүүгө ашыгып, кичине окумал чалыш сыяктанып, кийиминин түсүнө окшош китеп тааптыр. Баракелде! Китептин мазмунуна эмес, сыртындагы боегуна карап кармалап, “чырк” эттирип коерун көрсөттү. Мынча болду көгүш креслого отуруп, фонду жакшылап тазалап, чачын да боетуп алса болмок экен. Курсан акесинен үлгү алып...

Адамдын сырткы жасалма көрүнүшү, жылтыраган кийими алдамчы болот. Көз будамайлайт. Кептин баары көрөңгөдө, мээ чөйчөктүн ичинде да. Эми бул жагы өзүнчө кеп болсун... Ток этери, Каныбек Туманбаев көгүш китепти колго алган соң, эмесе, сочинение, диктант жаздырып көрбөйлүбү? Анан былчыйта бааны коелу...

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер