Акыркы кабарлар
» Саясат » Президент Жээнбеков парадга катышпай калса да көпчүлүктөн издей бердим
Президент Жээнбеков парадга катышпай калса да көпчүлүктөн издей бердим
24-июнь, 19:52

Президенттин парадга катышпай калганы бүгүнкү күндүн жаңылыгы болуп, түрдүү пикирлер жаады. Социалдык тармакты колдонуучу Гүлшат Ысманбетова төмөндөгүдөй пикир калтырган.
“Мен Сооронбай Жээнбековдун парадга катышпай калганын уксам деле көпчүлүктүн арасынан көзүм талып издеп жаттым. Анткени, ал бир бурчтан чыга кала тургандай сезим боло берди. Бирок, ал тилегим таш каап, президент мен ойлогондой эч жерден чыга калган жок.
Канчалык “кабатыр болбойбуз” дегенибиз менен бул окуя үчүн чынында баарыбыз санааркадык окшойт. Негизгиси, салтанатка Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын аскерлери катышып, Кызыл аянттан өтүшкөнүнө шүгүр кылып, ушул видеону кайра-кайра көрүп атам. Алар да катышпай калса эмне кылмакпыз?..”