Жакында Икрам Илмиянов түрмөдөн бошоп кетеби?
23-октябрда президенттик аппараттын мурдагы орун басары Икрам Илмияновдун иши Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда каралды. Прокурор далил катары күбөлөрдүн айтканын, банктын кагаздарын жана телефон чалууларды мисалга алып, Илмияновду күнөөлүү катары таап, 7,5 жылга абакка кесүүнү, кошумча айып пул салууну билдирди. Негизи башынан айыптоо жумшак коюлуп, жыйынтыгында, прокурор “гумандуулук” кылып, жаза мөөнөтүн аз сурап атканы ушулбу? Сот болсо “шопурдун” бир жылдан ашык УКМКнын камагында отурганын эки күндөн эсептеп, калганын айып пул салуу менен чегерип койсочу? Ошондо Илмиянов УКМКнын СИЗОсунан эле эркиндикке чыгып кетүүсүнө шарт түзүлөт го... Башынан эле “шопурду” айыптоо мыйзамдын “жеңил тилине” алынганы көшөгө артынан сөз болуп келген. Бир жылдан ашык түрмөдө отуруп, элдин ачуусу басылса, анан үстүңдөгү “шакмардан” арылып кетет да... Логика болбосо коё кал!
Кубат КАРАЧЕВ