Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ош мэри Бакыт Жетигеновго жергиликтүү депутаттар кайсы оюндун күүсүн чертип атышат?

Ош мэри Бакыт Жетигеновго жергиликтүү депутаттар кайсы оюндун күүсүн чертип атышат?

21-ноябрь, 09:00
441 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ушундай. Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков жана көпчүлүк депутаттар мэр Бакыт Жетигеновдун артынан компромат жыйнашып, көшөгө артынан оюн башташканы каңкууланды. Азырынча коомчулукка ачык чыгууга батына албай жатышса керек. Чатактын чыгышына “Классик” мейманканасына түштөндүрүү тамагы боюнча мэрия тарабынан буюртма берилгени, бул боюнча эки ача пикирлер жаралганы айтылууда. Бакыт Жетигеновдун атынан мурда чуулгандуу иштерге аралашкан Абдышүкүр Жураев “Классиктин” кызматкерлерин коркутууга алганбы? Ушул боюнча депутаттар маселе көтөрүшүп, мэрди кетирүүгө пландарын мелжешкени кандай? Жогору жактан лөктөр кызыкдар болгону үчүн “чукушмай” башталган окшойт... 

Ал эми Бакыт Жетигенов кызматын татыктуу аркалап, пайдалуу иштерди жасап жатканы коомчулук тарабынан сыпатталып келет. “Медалдын эки бети бар” демекчи, ички оюндарды ачыктоо үчүн күрөшүү мезгили келдиби? “Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет” дегендей, акырында Ош шаардык кеңешинин депутаттары Бакыт Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүшүп, кызматтан кетирүүнү демилгелеп чыгышты. Мыйзамда көрсөтүлгөндөй, мэрди президент дайындайт, жумуштан да өзү алат. Ал эми эл өкүлдөрү кайсы оюндун күүсүн черте башташты?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер