Каргыш тийдиби? Эркебек Аширходжаевдин жүрөгү ооруп атканы каңкууланды

ИИМдин орун басары бар. Эркебек Аширходжаев аттуу. Саясый куугунтук жасоого, чуулгандуу иштерге жетекчилик кылууга, адилетсиздик менен негизсиз буйруктарды аткарууга айыпталып, өзгөчө Сокенин мезгилинде калыстыктан тайып, коомчулукка жек көрүнгөнү эсибизде. Кийин генералдыкты да алды. Татыксыз экенин коллегалары эле айтып жүрүшөт го? Кыскасы, ИИМге тескери сөз тийгизген, көп сын-пикирге кабылган чиновник катары сыпатталып келет. Бул дүйнөдө кордук көрсөтсөң, акыры өзүңө кайтып келеби? Соңку убакта Аширходжаевдин саламаттыгы начарлап, жүрөгү ооруп жүргөнү каңкууланды. Милициянын майрамынан кийин кызматынан кетери айтылууда. “Таба эмес, тобо!” дейт кыргызда. Ошондо Эркебек Аширходжаевге укугу бузулган, кор болгон элдин каргышы тийе баштадыбы?
"Азия Ньюс" гезити