Жүз жылдан кийин Райымбек Матраимовду кандай эстешет болду экен?..

Муфтиятты Райымбек Матраимов бир жыл аралыгында куруп бериптир. Баягы эле көралбастар, кычы жазмакерлер копшолушуп, жумурткадан кыр издегендей сөйкөнүштү. Бир жумага жетпеген талкууда ар кандай жем ташталып, чөп башылап атышты. Мактагандар, актагандар да арбын экени ырас.
Эми арканды алыс ыргытып, кичине философиялык маанайда ой жүгүртүп көрөлү. Жүз жылдан кийин Райымбек Матраимовду кандай эстешет болду экен? Анын жасаган иштери – муфтияттын имараты, мечиттери, дээрлик курган курулуштары калат. Ал эми каралагандардын сайда саны, кумда изи калбайт. Биз архивден, мамлекеттик библиотекалардан жүз жыл мурунку гезиттерди окуп, агездеги кырдаал, маалыматтарды алып аткандай эле бул текстти да келечектеги урпактар окушат. Учурдагы соцтармактагы жалган жалаалар, айрым сайттардагы “куюлган жугундулар” сакталабы? Албетте, жок! Мезгил куюнуна аралаш кайдадыр кайып кетери калетсиз. Агезде башка интернет булактары толукталып, маалымат айдыңынын өнүккөн желаргысы өкүм сүрөт. Ооба, бир кылымдан кийин биздин бала-чакабыз, эртеңки муунубуз Райымбек Матраимовду кайрымдуу инсан, меценат катары таанышат. Пандемиядагы апаатка туруштук берип, миңдеген үй-бүлөлөргө жардам бергенин эскеришсе керек. Жарыгы тийген дагы жүздөгөн адамдардын неберелери эстешет... Мындайча айтканда, каарманыбыздын образы элибиз үчүн “периште колдоочудай” эле элес жаратабы? Легенда сымал. Себеби, Райымбек Матраимовдун мамлекетке, элге кылган жакшылыктарына санак жетпейт, жаза берсең кагаз бети да түт келбейт. А жамандыгынын бир үзүмүн көрдүкпү? Соке айткандай, ушу кезге чейин факты жок болуп атпайбы! Иликтөөлөр божомолго таянышып, “саман учту десе, Самарканд өрттөндү...” лакабындай чуулганга алышкан.
Ошентип, карт тарых Райымбек Матраимовду акыры актап, ардактуу ордуна коёт. Ал жаратман, берешен, элибизге камкор инсан катары ак барактардан окулат. Ооба, мезгил баасынан өткөн талашсыз нерсе жок. А бүгүн болсо, убактылуу сүрмө топтун “түрдүү боёктору” сүртүлүшү мүмкүн. Кылымдар кадамында анын күкүмү да калбайт тура...
“Эр ортону элүү жаштын” кырындагы Райымбек Матраимовдун дагы да элге кыла турган жакшылыктары, изги иштери али алдыда. Реалдуу жашоодо анын жинине тийе бербей, мамлекет үчүн пайдаланып калууну ойлобойлубу? Табиятынан сабырдуу, жети өлчөп, бир кескен мүнөзү бар. Акыл-көрөңгөсү, тажрыйбасы ашып-ташып турганда, жеңил мүнөздө айгайлай бербей, ага карата урмат-сыйбызды көрсөтүп, энергиясын, эмгегин карапайым калкка толук кандуу пайдалансак не? Кыялыбызда, кандай иш болбосун майын чыгармак. Ансыз да туңгуюкка кетип бараткан заманда бир силкинип, алды-артыбызды карап алсак...