Өкмөт башчыга тандоолор... Эмне үчүн карантинден кийин карта ачылат?

Ушундай. Өкмөттүн отставкага кете турганы боюнча коомчулукта талкуу жаралганына күбө болдук. Ооба, коомчулуктан, саясый күчтөрдөн Абылгазиевге карата колдоолор начар. Болгону аткаруучу катары кылдырап келатат...
Эң башкысы, ал ийгиликтүү ишмер экенин көрсөтө алган жок. Ресурстары да калбай баратат. Өзгөчө кырдаал, абал башталганы аткаруу бийлигинен көп катачылыктар кетти. Эми эмне болушу мүмкүн? Абылгазиев күтүүсүздөн эле жаза басып, орой ката кетирбесе, карантин бүткөнчө отурат. Андан соң гана отставкага кетери турган иш. Ага чейин карапайым калкка үмүт бере турган, иш билги премьер-министрди караштырууга аракеттер көрүлөт. Бир чети парламенттик шайлоого карай да элдин маанайын өзгөртүүгө камылгалар башталары айкын. “Ким келип калышы мүмкүн?” деген божомолдор боло берет. Акырындык менен электен өтүү, тандалуу мезгили учурдагы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Тар чөйрөдө айтылып аткан үч талапкерди биз буга чейин жазганбыз: Акылбек Жапаров, Эркин Асрандиев жана Азиз Суракматов. Коомго таасир этти. Азырынча ушундай сөздөр жүрүп атса, а эртең таптакыр күтүүсүз талапкерди көрүп калсакчы? Саясат ошондой, миң кырлуу жолу бар...
Aryba.kg