» Саясат » Лидери Адахан Мадумаровго болуша албаган Эмил Токтошевдин байкуштугу
Лидери Адахан Мадумаровго болуша албаган Эмил Токтошевдин байкуштугу
03-июль, 14:56
886 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Мурда “Ата Мекен” партиясынан мандат алган, учурда “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаты болуп отурган Эмил Токтошев боюнча эки ооз сөз. Ооба, саясатта туруксуздугу өзүнчө кеп. Азыр анын позициясы, адамдык терс сапаты боюнча учкай алалы. Бул бир шөмтүрөгөн байкуш экен. Башта Өмүрбек Текебаевди “сатып”, Адахан Мадумаровго эрмешип, кайрадан парламентке келди. Кыйраткан ишин, демилгелүү сөзүн уга элекпиз. Көптүн бири катары илээшип жүрөт. Эң кызыгы, лидери Адахан Мадумаровдун башына кара булут айланып, бийлик тараптан кысым башталганда, Эмил Токтошев ачык колдоп чыга албады. Тилин тишине катып отурат. Өз сөзүн айта албай, жолбашчысына жөлөк боло албады. Мындайлар тарыхта кандай бааланчу эле? Билесиңер, өтө жаман. Саясатта оош-кыйыш, тирешүү, ар кандай күрөштөр боло келген. “Жандоочу кийик аттырат” демекчи, жандагандар эр жүрөк, кыраакы, жалтанбаган баатыр мүнөз жигиттер болушу керек да. А Токтошевден кандай карама-каршылыкты күтөсүңөр? Текебаев айткандай, бир былжырбай беле?..