Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Санарип министрлигин көзөмөлгө албаса, Ширшов билгенин кыла береби?

Санарип министрлигин көзөмөлгө албаса, Ширшов билгенин кыла береби?

25-апрель, 19:03
666 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Ооба, ушундай суроо туулду. Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов коллективи менен келише албай, интрига ырбап, ички атмосфера чыңалып баратыптыр. Эң жөнөкөй эле этикага сыйбаган көрүнүштөр: урушуу, кагып-силкүү жана жумушка кайдыгерлик күчөй берсе, аягы жарылууга жетпейби? Анан калса, Иманов менен орун басарлары да “ит-мышыктай” абалга жетип калышканы эмнени билдиретБир гана Алексей Ширшовдун таасири артып, анын гана айткандары аткарылып атса, көмүскө схемалар аркылуу каражаттуу тармакты каалагандай калчай башташса, текшере турган органдар качан көз салышатМинистрге карата тоголок арыздар, тымызын даттануулар күчөй баштады. Өкмөттү тоготпогон бул эргул кимге баш ийет? Ширшовгобу? Башка эч кимди тоготпойбу? “Ооруну жашырса өлүм ашкере кылат” дейт. Анын сыңарындай, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев алдын ала анализ жасап, иликтөө жүргүзүп, санарип министрлигин көзөмөлгө албаса, эртең кеч болуп калбайбы? Кыскасы, кулак кагыш кылдык. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер