Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мээримсиз күндөргө улай күйөөмдүн досун жактырып калдым

Мээримсиз күндөргө улай күйөөмдүн досун жактырып калдым

03-январь, 19:30
1 342 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жашоомдогу дагы бир көңүлсүз, букка толгон жылды узатаар мезгил келди. Кыштын узак жана муздак түнү. Бакытка толбогон, мээримден, сүйүүдөн куржалак калган кайран жаштыгым артта калып баратат. 

Турмушка чыккам, бала-чакалуу болдум, Кудайга шүгүр. Бирок жолдошумдан мээрим, бакыт да алалбадым. Жүрөгүндө башка адам бардай күйөөм мени менен иши жок, кааласа келет, каалабаса келбейт. Бактылуу жашаганга болгон аракетимди көрдүм. Бактылуу боло албадык. Азыр баарынан чарчаган, кайдыгер жанмын. 

Эмнегедир акыркы күндөрү жашоомдо канат байлагандаймын. Аял болгондон кийин эркектин мээрими керек экен. Мен күйөөмдүн досун жакшы көрүп калдым, эч оюман кетпейт. Күйөөм менен кол үзбөйм, бирок сүйүп жашаган да өзүнчө керемет экен. Сүйүү каалагандай келе берет тура... Эмнегедир жааган кар, жашоо керемет сезилип, жашоого кызыгуу ойгонду. Келерки жылдан сүйүү, бакыт, өзгөрүү күтөм...


Айдай 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер