“Жылдызга” айланган министр Тилек Текебаевге УКМК жасоолдору кызыга баштаганда
Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев башка кесиптештеринен кескин айырмаланып, баскан-турганын сүрөт, видеого тарттырып, жеңил пиар менен катуу алектенүүдө. Ишинин ырааттуулугу, артыкчылыктары байкала элек. Бирок соцтармактан “жылдыз” болууга ашыгууда. Баса белгилей турган жагдай, башынан транспорт жана коммуникациялар министрлиги коррупцияланышкан, элдин ырыскысын сугунган тармак эмес беле? Азыр сүттөй тазарып калдыбы? Жо-ок, бизге жеткен маалымат боюнча, УКМКнын изкубарлары Тилек Текебаевдин сары изине түшүү менен көзөмөл кылышып, жолдон тайган кезде кармап келүүгө ашыгып жатышканын эшиттик. Азырынча майрамдай турсун, кези келгенде “кермеге кере тартылабы”? Элден бөтөнчө эле өздөрүн көкөлөтүп, жеңил-желпи пиарды баштаганда эле кыргыз чиновниктери көпкө узабай калышчу эле. Күтө туралы.
"Азия Ньюс" гезити