Акыркы кабарлар
» Саясат » Украина өткөн суткада орус тарап 500дөй аскерин жоготконун билдирди
Украина өткөн суткада орус тарап 500дөй аскерин жоготконун билдирди
11-январь, 19:51


Киевдин 11-январда эртең менен тараткан расмий маалыматына караганда, 2022-жылдын 24-февралынан бери орус тарап 113 миңдей жоокеринен ажырады. Ошондой эле украин тарап Россиянын миңдеген аскердик техникасы талкаланганын кабарлап, алардын тизмесин жарыялады.
Россиянын коргоо министрлиги акыркы жолу 21-сентябрда жоготуулар тууралуу маалымат берип, 5937 аскери каза болгонун билдирген. Россиянын жоготууларын Би-Би-Си жана Mediazona ыктыярчылар тобу менен бирге эсептеп, 8700дөн кем эмес аскер өлгөнүн ноябрда маалымдашкан.
Пентагон Россиянын жана Украинанын жоготуулары менен жарадар болгондордун саны ар биринде 100 миңдей адамга жеткенин ноябрь айында божомолдогон.










