Акыркы кабарлар
» Саясат » Соке бир балээни сезгендей офис ачып, элди кабыл ала баштады
Соке бир балээни сезгендей офис ачып, элди кабыл ала баштады
15-декабрь, 12:35


Мамлекеттик резиденцияга топуратып элди чакыра бергенден Соке айбыкканбы, айтор, өзүнчө офис ачып, элди кабыл ала баштаптыр. Баш калаанын Горький көчөсү менен күн батышты көздөй баратканда Тынчтык проспектисине жетпей Пожарскийге бурулганда эле сол жактагы заңгыраган хансарайда экен. Күндөн-күнгө келгендердин саны арбып, өз ара күдүңдөшө башташыптыр. Жазасын жетиштүү деңгээлде албай калган Алмамбет Салиев да караан болуп жүрөт. Сыягы, бир балээ болуп кетсе, өзүнө таяныч катары Сооронбай Жээнбеков алдын ала күч топтой баштаган окшойт. Үч жыл президент болуп, кыйла эле жеке казынасын толтурду да, эми битирленбей акчаны арбын чачса, тарапташтарды чогулта салуу кеп бекен?..
"Азия Ньюс" гезити











