Акыркы кабарлар
» Саясат » Мадумаров коомчулукту козутуу менен Кемпир-Абад маселесинен саясый упай алганы талкууда
Мадумаров коомчулукту козутуу менен Кемпир-Абад маселесинен саясый упай алганы талкууда
17-ноябрь, 11:25

Күрөө тамырынан кармоого мезгил келди. Кемпир-Абад маселесин алсак, Адахан Мадумаров улам чыракка май тамызгандай кылып, коомчулуктун башын айландырып, козутуп, жердештерин тескери тукурганы калппы? Калыс пикирди эмес, жеке саясый упай алуу амалында иштегенин кайда жашырасыңар? Албетте, мындай суроолорго ал так жооп бере албайт. Аныгында Кемпир-Абадды өтө саясатташтырып жиберишти. Дал ушул чырдын айынан отузга жакын саясатчы, активисттер камакка алынышкан. Алар куурап отурушат. Ал эми Мадумаров элге күйгөн киши өңдөнүп, жеке рейтинги үчүн маашырланып, коомчулукту дүрбөтүү менен кытмыр күлүп отурат. Негизи чек араны чечүүдөгү маалыматтарды тийешелүү мамлекеттик жетекчилерден угуп, анан ошого жараша баа бергенибиз оң. Чыдай туралы, тараза ташын коюуга да убакыт келет. Ошондо кимдер ката кетиришти, же туура кылыштыбы? Саресеп салабыз. "Азия Ньюс" гезити











