“Кемпирабадчылардын” ичинен жүзү жарыгы – Эрлан Бекчоро!


Жакынкы күндөрү журналист Эрлан Бекчоро интервью берип, Камчыбек Ташиевге жооп узатты. Анын “кемпирабадчылардай” акталары боюнча айтканына каршы сөзүн билдирип, бул эки башка саясат экенин тактап, “көз будамайлоого” чек койду. Эми ал маекти көргөндөр ынанат: эл, жер, суу үчүн камалгандар патриоттор, а ошо кезде эле зулумдук жасагандарга башка баа берилет да...
Ооба, “кемпирабадчылар” мыйзамсыз камалышып, азапка ченебей батышып, акыры акталышты. Үч жарым жыл адилеттик издегенин Эрлан мырза айтып отурат. Кыйын күндөр өтүптүр... Бирок алар азыр чилдей тарашты. Эң кызыгы, айрымдары түрмөдөн чыгышкандан кийин эле маскаларын алмаштырышып, моралдык баалуулуктарды материалдык кызыкчылыктарга, көр турмуштун азгырыктарына “соодалашып” кетишкенби? Кимиси кандай аракетте жүргөнүн, эмне менен шугулданганын, кандай сүйлөп жатканын көрүүдөбүз. Саясатты талдагандарга белгилүү дечи. Чечмелөөнүн кажети жок.
Ал эми Эрлан Бекчоро ушул күнгө дейре абийирин сактап, туруктуу позициясынан тайбай, чынчылдык сапатын көрсөтүп келди. Жаштардын арасынан анык жигердүү, сатылбаган, сатпаган муундун алдыңкы өкүлү катары бааланууда. Саясый оюндардан өзүн пакизадай таза сактап, жигитчиликти жана ар-намыс жоопкерчилигин жогору коюп, эң башкысы, коомчулук астында үлгү жаратуучу сапатын айгинеледи! Аныгында Эрлан Бекчоронун сөзү менен иши төп келишип, туура багытта баратат...









