Канат Жумагазиевдин колдоочусу күчтүүбү?

“Жаман айтпай жакшы жок” демекчи, биз жыл башында Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиевге коңгуроо кагып, эскертүү жасаган элек. Ал кээ бир учурда чектен чыгып, губернатор Канат Жумагазиевдин артынан сүйлөп койгону, моюн толгогону боюнча жазганбыз. Негизи дөөлөт келгенде какайбай, кичине ийилип жүрүү маанилүү эмеспи. Аз күн мурда Максат Нусувалиевди УКМКнын жасоолдору кармап кетишти. Токмок шаарын Камчыбек Ташиев текшерип барып, ошол жерден катаал чечим кабыл алынганын баамдадык. “Түрмөгө жыландын баласы да жатпасын” дегендей, иши жеңилдеп кетсин...
Жогорудагы сөзүбүздүн чордонуна келсек, биз он жылдан ашык убакыттан бери байкап жүргөндөй, Канат Жумагазиевге карасанатайлык кылгандар, жамандап жүргөндөр акыры иштен алынып, камалып, же кандайдыр бир кырсыктарга кабылышат экен. Алардын аттарын атасак, этикага туура келбей калат. Андыктан өздөрү окушса, түшүнүп алышса керек. Реалдуулуктан алганда, Канат Жумагазиев түз жүрөт, интригадан алыс, эч кимдин артынан тескери сөз айтпайт. Көп нерсени укса, билсе да унчукпайт. “Эр жигиттин ичине ээр токумчан ат батат” деген лакап кеп куп келишчүдөй. Негизи каарманыбыздын купуя колдоочусу бар окшойт. Оор шарттардан оңой жол таап чыкканын да билебиз.
Милицияда 15 жылдан ашуун жетекчилик кызматтарды аркалаган Канат Жумагазиев Чүй облусуна губернатор болгонуна эки жылдан ашып калды. Эң оболу, ал артына из калтырууга, аброюн бийик сактоого кызыкдар. Натыйжада, эгемендүүлүктөн берки Сары Өзөнгө башчы болгондордон айырмаланып, сап башына чыкты. Экономикага салым кошуу, өндүрүштөрдү ачуу, инвестиция тартуу жана социалдык көйгөйлөрдүү чечүү жагынан үзүрлүү эмгектенүүдө. Уюштуруучулук жөндөмүнөн, иштермандыгынан үлгү алалы. Бай тажрыйбасы аркылуу ак кызмат кылууда. Чүйлүктөрдүн бийликке карата ишеними, үмүтү жарала баштады. Эгерде Канат мырза ушул басыгынан жазбай кете берсе, келечекте чыга турган ашуулары бийик. Кудай жалгасын! “Түсү ийгиден түңүлбө” дейт.
"Азия Ньюс" гезити