Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Атылган аскерлердин өлүмү... Министр Бекболотовдун бети кызарып да койгон жок!

Атылган аскерлердин өлүмү... Министр Бекболотовдун бети кызарып да койгон жок!

25-август, 12:56
546 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Катар-катар аскерлердин өлүмү элдин эсин кетирди. Коргоо министри Бактыбек Бекболотов балдардын армияга даяр эместигинен өлүмдөр көбөйгөнүн “балп” эттирди. Негизи бул киши системага адашып эле келип калгандай, министрликке чейин көрүнүктүү иши жок, тек гана көчтүн артында жүргөнү белгилүү. Жаңы бийлик күчкө салып көтөрмөлөп, төрдөн орун берген. Профессионалдык ишмердиги каралган эмес. Баягы эле өң-тааныштык эмеспи. Жыйынтыгында эмне болду? Коргоо министрлиги артка кетти. Чеке жылыткан эмгегин көрө албадык. Тек гана бир сөлөкөт жүргөндөй. Бекболотовдун жогорку кызматка келгени чоң катачылык катары бааланууда. Кол алдындагылар тоготпосо, өзү үлгү жарата албаса, анан армиябызда башаламандык, ыраатсыздык жаралат да, туурабы? Мына, соңку убакта ата-энелер балдарын аскерге жөнөткүлөрү келишпей, бул жааттан талкуулар жанданды. Чекесинен эле атылып, тепки жеп өлүп жатышса, элестете бергиле... Бирок, Бекболотовдун бети кызарып да койгон жок. Ушул жагынан “эрдиги” бар экен. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер