Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Милиция кызматкерлерине “Альфа” тарабынан коркунучтар жаралса, “Дөөгө” окшоп качып кетишери каңкууланды

Милиция кызматкерлерине “Альфа” тарабынан коркунучтар жаралса, “Дөөгө” окшоп качып кетишери каңкууланды

14-июль, 15:53
542 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

12-июлда жүздөй “Альфа” кызматкерлери “Дөөнү” издешип, үйүн, сарайын тинтип, эч нерсе таппай келишет. Жаалданып алышканы кабарланды. Мындай көрүнүштөн соң, катуу буйрук алышканы байкалууда. 

Сокенин режимин эске салсак, Кой-Таш окуясында “альфачылар” Алмазбек Атамбаевди да кармай алышпай, колго түшүп калышкан. Ур-тепкиге алынышып, бирөөсүнө жаңылыш ок тийгени белгилүү. Экс-президентти колго түшүрө албай коюшканда, акыры Курсан Асанов сүйлөшүү жолу менен алып чыккан. 

Кызыгы, булар милиция кызматкерлерин кармоого, камакка алууга кыйын. Парага айыптоо менен эле кылтакка иле беришет. Байма-бай десең. Жогорку окуялардан кийин кызык кептерди угуп атабыз. Эми милиция кызматкерлерине “Альфа” тарабынан коркунучтар жаралса, “Дөөгө” окшоп качып кетишерин каңкуулап жатышыптыр. Ошондо кандай? Майнапсыз эле кубалашып жүрө беришеби? Балким курч сюжеттүү комедия аралашкан кинонун сценарийине идея беришет, ким билет? Бали! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер