Жалил Атамбаев сүймөнчүк аялы Нурийла Шериеваны министрдин орун басары кылып, келечекке балта чаптыбы?
Коррупцияга айыпталып, камалып, миллиондорду “кусуп” чыккан Жалил Атамбаев аттуу терс каарман бар. Кабагым-кашым дебестен оор кылмыштарын жаптырып салган. Кыйын бекен? Кызыгы, Жалил Атамбаев акчанын күчүнө салып, сүймөнчүк аялы Нурийла Шериеваны саламаттык сактоо министрлигине орун басар кылып, чартаңбай тептирип атат. Анысы санарип өнүктүрүү жагын тейлейт экен. Кептин баары ушул жерде жатат да. Нурийла Шериеванын билими, тажрыйбасы жетишсиз болсо, кантип акыркы технологияларды, санариптештирүүнү ишке ашырат? Саламаттык сактоо системасы дал ушундай өң-тааныш, пулдун күчү менен келген кадрлардан аксап жатпайбы! Шуу үшкүргөндөн башка айла барбы? Жалил Атамбаев миллиондоруна таянып, сабатсыз көрөр көзү Нурийла Шериеваны министрдин орун басары кылуу менен келечекке карай балта чаап аткан жокпу? Эмесе, талдай салгыла.
"Азия Ньюс" гезити