Акыркы кабарлар
» Саясат » “Чимкирик” деңгээлден да түшүп кетиштиби? Тепселенген парламент бедели
“Чимкирик” деңгээлден да түшүп кетиштиби? Тепселенген парламент бедели
16-июнь, 19:59


Келаткан парламенттик шайлоодо мандат алуу үчүн миллиондорду чачып, жулунгандар азаят. Себеби, бүгүнкү күндө депутаттар эч кандай олуттуу маселе чече алышпайт. Тек гана юридикалык бөлүмдүн, же нотариустун милдетин аткарып калышкандай. Мыйзам, регламент, укуктары өзгөргөн. Анан президенттик башкаруунун токмогу менен 90 пайызы бөжөңдөп турушат. “Кыңк” этсе камалышат. Кызыгы, учурдагы депутаттардын министрдин орун басарларына дагы сөздөрү өтпөйт экен. Мына тамаша! Анан башканы айтып не кыласыңар? А мурдагы чакырылыштагы эл өкүлдөрүн билесиңер, премьер-министрден бери такалашчу. Азыр болсо заман башка, “чимкирик” деңгээлден да түшүп кетишкени ушулбу? Эрксизден баш чайкайсың да-а...
"Азия Ньюс" гезити











