Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Желим жана таштанды жаккандарга айыппул салынат

Желим жана таштанды жаккандарга айыппул салынат

06-ноябрь, 19:13
476 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаардык мэриясы шаар тургундарын мешке таштанды менен желимди жакпоого чакырып, эреже бузгандарга айып салынарын эскертүүдө.

Бишкек шаардык санитардык-экологиялык инспекция менен райондук акимиаттын кызматкерлери күн сайын шаардагы жер тамда жашагандарды көзөмөлгө алууда.

Аба-ырайы сууктагандан бери мешке желим жана таштанды жаккан фактылар аныктала баштады. Экологиялык эреже бузуулар жөнүндөгү кодекстин 71-беренеси боюнча таштанды жаккандарга 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып салынат. Ал эми өндүрүш таштандылары менен башка предметтерди жаккандарга, ошондой эле жалбырак өрттөгөндөргө 7,5 миңден 23 миң сомго чейин айып салынат.

Эгер эреже бузгандар боюнча маалыматтарды төмөнкү номерлер аркылуу кабарласаңыздар болот:

(0312) 56-81-59 — мэриянын санитардык-экологиялык күзөтү;

(0505) 88-83-15 — санитардык-экологиялык күзөттүн WhatsApp каналы (сүрөт, видео үчүн).

Aryba.kg



 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер