Акыркы кабарлар
» Саясат » Абактагы Туйгунаалы Абдраимовго операция жасалып, оор сыноону баштан кечирүүдө
Абактагы Туйгунаалы Абдраимовго операция жасалып, оор сыноону баштан кечирүүдө
16-июнь, 11:43


Апрель айынын соңунда саясатчы Туйгунаалы Абдраимов камакка алынган. Бул көрүнүш коомчулукту түшүнүксүз абалга түрткөн эле. Себеби, ал бийликти кулатууга, туруктуулукту бузууга аракет көргөн эмес. Андай бузуку ойлору жок экени ачык байкалып турат. Тилекке каршы, камалды... Учурда Туйгунаалы Абдраимовго операция жасалып, ооруканада дарыланып жатканынан кабар алдык. Ансыз да түрмөнүн моралдык-психологиялык кысымы аз келгенсип, бир жагынан ден соолугу жан кейитүүдө. Бийлик гумандуулукка барып, Туйгунаалы байкени үй камагына чыгаруу менен козголгон ишин андан ары тергете берсе болот да. Албетте, үмүт бар. Биз ишенебиз, жакшы күндөр алдыда. Каарманыбыздын эркиндикке чыгышына, акталарына тилектешпиз!
"Азия Ньюс" гезити











