Акыркы кабарлар
» Саясат » Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө тегиз жаза каралбаса, иш “сынып” калбайбы?
Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө тегиз жаза каралбаса, иш “сынып” калбайбы?
26-май, 12:17


Талкуу жанданды. Убактылуу өкмөттүн курамындагы Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Исмаил Исаков, Бактыбек Алымбеков, Бектур Асанов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Азимбек Бекназаров, Байтемир Ибраимов, Кубатбек Байболовго башкы прокуратура тарабынан Июнь окуясы боюнча айыптары угузулуп, үй мүлктөрү камакка алынары кабарланды. Кызык, а эмне үчүн Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү көмүскөдө калкаланып, алар кол тийбестикке ээ болууда? Көмүскөдөн соодалашуу жүргөнбү? Демилге ушунча көтөрүлгөндөн кийин баарына тегиз кароо керек эле. Алалап, кай бирине тийбей, сын айтып койгондорду баса калуу кайсы логикага сыят? Эл карап турат да, баарына бирдей мамиле болбосо, анда кылмыш иши саясатташып, аягына чыкпай “сынып” калбайбы?
"Азия Ньюс" гезити











