Ажаткана менен пиар кылган Медербек Сатыевдин деңгээли


Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев бир ажатканага барып алып, “кызматкерлер кирген жерде кол жуугучу бар экен, ал эми элдикинде жок турбайбы” деген таризде кызматкерлерин урушуп атат. Ушундай төмөн сапатта пиар жасап, анысын видеого тарттырып, коомчулукка таратуу менен маашырланганы талкуу жаратты. Эмнеге мынча майдаланып кетти? Медербек Сатыев ириде соттордун пара алуусуна, коррупцияга батканына каршы күрөшсө, адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту камсыздоодо дараметин көрсөтсө, мамлекет үчүн пайдалуу тарыхый иш жасамак да. Тилекке каршы, ал бүгүн майда курулуштарды аралап, кынтык издеп, ажаткананын деңгээлине түшүп кеткени кайсы логикага сыят? Эң оболу, Сатыев сотторго үлгү болсо, системанын башында турган төрага катары татыктуу иштесе, ага карап башкалары да түздөнүшмөк да, аттиң! Бүгүнкү күндө даражалуу жогорку кызматтарда кандай адамдар отурганын баскан-турганынан, жасаган иштеринен көрүп отуруп, айла жок баш чайкайсың! Эмне дейли? Эл баа берсин...
"Азия Ньюс" гезити











