Депутат Камила Талиева элдин каргышына калдыбы?


Лейлектиктер Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиевага нааразы экен. Алар Бекжан Жалилов менен Саатбек Эгембердиевдин иши боюнча Ютуб каналында ооздорунан көк түтүнүн буркуратып, Камила Талиеванын кыңыр иштеринин баарын жар салып айтышты. Элдин баардыгы бир ооздон Камила Талиевага наалат айтышып, “Талиева, сенде бет жок!” дегенге чейин барышты. Көрсө, Камила айым айыл өкмөтүн кызматтан алууга райондун акимине көрсөтмө берген экен. Турабай Бостоновдон пул алганын, Достук айылында бала бакча ачылганда кызматкерлерден, мектеп мугалимдеринен акча жыйнап, килем сатып алып белекке бергенинен бери айтышты го? Эл баарын билет экен. Таштын жаракасынан чыккандай тарсылдап жүргөн Камила Талиева шайлоочуларынын наалатына жооп береби, же каргышка калабы? Калк астында назары сынып калса, алыска узачу эмес эле...
"Азия Ньюс" гезити











