Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ысык-Ата районунун акими Нуралы Курмантаевди көпчүлүк кабыл албай жатабы?

Ысык-Ата районунун акими Нуралы Курмантаевди көпчүлүк кабыл албай жатабы?

15-апрель, 09:00
503 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ысык-Ата районунун акими Нуралы Курмантаев айыл өкмөттөр менен иштеше албай, бир жагынан жергиликтүү эл да каршы чыгып, чогулуштарда кайым айтышуулар орун алганы кабарланды. Билими, тажрыйбасы да талапка ылайык эмес экен. Ал соңку убактарда жыйындардан качып, жөндөмсүздүгү билинип, оозго алгыс сөздөрдү уга баштаганы кандай? Чөнтөгүн толтурууга ашыгып, коррупцияга шектелгени ыраспы? Мындай кадр менен Ысык-Ата районун өнүктүрүүгө мүмкүнбү? Айтор, карапайым эл менен жергиликтүү бийликтин ортосунда жарака кеткени талкууга алына баштады. Аягы чатак менен бүтпөйбү? Айтмакчы, Нуралы Курмантаев 68 жашта. Мамлекеттик кызматтын эрежесине, мыйзамга ылайык, акимдер 65 жашка чейин кызмат кыла алат. Кызык, жаш курагы өтүп кетсе деле билген намазын окуп, көпчүлүктүн кыжырына тийе береби? Мыйзам качан иштейт?! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер