Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстан менен Казакстан сууну электр энергиясына алмашуу боюнча макулдашты

Кыргызстан менен Казакстан сууну электр энергиясына алмашуу боюнча макулдашты

14-март, 17:02
777 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул тууралуу Казакстан өкмөтүнүн башчысы Алихан Смаиловдун катышуусундагы Суу кеңешинин биринчи жыйынында белгилүү болду.

Казакстан өкмөтүнүн сайтында маалымдалгандай, жыйын учурунда Кыргызстан менен электр энергиясын алмашуу жана Казакстандын түштүк аймактарын суу менен камсыздоо маселеси каралган. Отурумда тараптар өз ара пайдалуу шартта электр энергиясы менен алмашуу жана суу менен камсыздоо боюнча макулдашканы айтылды.

Билдирүүдө "өз ара пайдалуу шарт" кандай экени белгиленген эмес. Кыргыз өкмөтү бул боюнча маалымат бере элек.

2021-жылы декабрда Казакстандын ал кездеги премьер-министри Аскар Мамин Кыргызстандын министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен жолугушуу учурунда Кыргызстан жай мезгилинде кошумча суу агызганына ыраазычылык билдирген. Муну менен Казакстандын түштүк аймактарындагы дыйкандардын сугат суусуна болгон муктаждыктары камсыздалганы айтылган.

Кийинчерээк Кыргызстандын энергетика министри суу сатылбаганын, товар алмашуунун негизинде кыргыз тарап электр энергиясын алганын билдирген.

Суу сактагычтагы суунун аздыгынан Кыргызстан соңку жылдардагы эң чоң энергетикалык кризиске туш болууда. Ушундан улам Казакстандан, Өзбекстандан жана Түркмөнстандан электр энергиясын импорттоо жана алмашуу боюнча келишимдер түзүлгөн.

2022-жылы Кыргызстан Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан 3 млрд. кВт/саат электр энергиясын жеткирүүгө макулдашкан.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер