Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шайлоонун “шайтан оюндары” талкууга алына баштады

Шайлоонун “шайтан оюндары” талкууга алына баштады

22-август, 00:04
834 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саясый элита баш көтөрүп, алдыдагы аламанга карай талкууга “жем” таштаганы кызык. Негизинен капчыктуулар, жаңы чыккан байлар парламенттик шайлоого ашыга башташыптыр. Билимдүү, тажрыйбалуулар эмес, баягы эле коммерсанттар келишеби?..

Сентябрда депутаттар каникулдан кайтышып, дароо өздөрүн таратуу чечимин кабыл алышары алдыртан айтылууда. Ноябрдын соңуна шайлоо датасы коюлары да болжонуп калды. Кайра шайланып келүүгө шансы жоктору кыйпычылыкташып, санаага батышканын кантебиз? Эң кызыгы, быйылкы жайда акчалуу, электораты бар депутаттар эс алууну азайтышып, элди көбүрөөк кыдырышты. Мандат кумары жанды коёбу? Үмүт кургур жүрөктү эзип атса. Бул саам республика боюнча 30 округдун ар биринен эки эркек, бир аял шайланып келери белгилүү. Беш жүз, миңге дейре агитаторлорду жалдап алышса жаманбы? Азыртан эле “өйдө жактан добро алдым” деген талапкерлердин күбүр-шыбыры чыга баштаганын кандайча түшүнөбүз? Ошондо атайын жашыруун тизме түзүлүп, шайлоого катышымыш эткен “тандалган талапкерлер” эч кыйынчылыксыз эле мандат алышабы? БШК “сервер” аркылуу жасап коёбу? Элдин ишенимине эгедер, таза, билимдүү кадрлар өтүп келе алышабы? Айтор, суроолор арбын. Кызыктын баары алдыда окшойт. 

Биздин баамыбызда, бийлик мурдагы парламенттик шайлоолордогу ызы-чуу, тополоң-тоздорду эске алса керек. Ачык күрөш жүрсө, “кол ийрисине тартылбаса”, көпчүлүк канааттанат эмеспи. Туруктуулукка да шарт түзүлөт. Андыктан, 2005-2020-жылдардагы парламенттик шайлоолорду сабак катары кабылдайлы. 


  "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер