Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Оор кылмыштарга айыпталган Дамир Давлянов Биринчи Май округунан ат салышууда

Оор кылмыштарга айыпталган Дамир Давлянов Биринчи Май округунан ат салышууда

10-февраль, 18:15
1 230 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Данияр Абдыкаров ИИМдин орун басары болуп, арааны жүрүп турган кезде көздөй кадры Дамир Давляновду ГУБОПтун начальниги кылган. Аягы чуулгандуу кылмыш иштери менен уланганын тизмектейли... “Шибегени капка ката албайсың” дейт эмеспи. Анын сыңарындай, Давлянов кызматын кыянаттыкта пайдаланып, уурдалган кымбат баалуу машиналарды “пулдап” атканда УКМК тарабынан кармалбай качканбы? Аныгында, оор беренелер менен издөөгө алынып, кийин камалып, бирок кылмыш иштерин кантип жаптырып алган? Түшүнүксүз. Акчанын күчү мыйзамды ыйлаткан заманда жашап калганыбыз ушулбу? Былтыркы парламенттик шайлоодо Дамир Давлянов “Эл үмүтү” партиясынан талапкер катары аттанып, жыдып калган. “Жыгылган күрөшкө тойбойт” дегендей, учурда Биринчи Май округунан кайрадан атсалышып, элдин башын айлантып турган чагы. Кечээ оор кылмыштарга айыпталып, анан көп өтпөй артын тазалап алып, саясаттын чаңын сапыра береби? Тийешелүү органдар кылдат карап, адилеттүү баа бергендин ордуна, “карга карганын көзүн чукубайт” дегендей кете беришсе, мамлекеттүүлүккө шек кетпейби? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер