Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Медер Алиев: “Деги качан кыргыз оңолот? Качан ушактан, калптан кутулабыз?”

Медер Алиев: “Деги качан кыргыз оңолот? Качан ушактан, калптан кутулабыз?”

18-январь, 17:06
2 143 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Депутат Медербек Алиев социалдык тармактарда ал тууралуу тараган видео тууралуу жооп берип, ал тасма монтаждалып чыгарылганын жазып чыкты.

“Туугандар, саясат өзү ыплас, кир нерсе экени чын көрүнөт. Кайсы калпка, кайсы ушакка жооп бергенге жетишейин? Туугандарымды калп менен уруп жамандап жатасыңар, шайлоо учурунда вотсап группаларга жамандап жатасыңар, эми болсо бир жыл мурун дебатта болгон видеодогу мен айтпаган сөздөрдү монтаждап айтты деп жатасынар…

Иштейинби же ушактарга жооп берейинби? Деги качан кыргыз оңолот? Качан ушактан, калптан кутулабыз? Унутпайлы, калптын өмүрү кыска. Ушак, калпка жооп бергенге убакыт тар. Мамлекетибиздин өнүгүшүнө иштейли. Бизге эл берген 5 жылдык мөөнөт өтө аз, бизге Кудай берген өмүрлүк мөөнөт өтө аз... Андыктан ушак, калпка көңүл бурууга укугум жок. Мамлекетке, элге иштегенге милдеттүүмүн” деп жазган Алиев Фейсбук баракчасына.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер