Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аида Исмаилова, ЖК депутаты: “Кытайдан келген келинден коронавирустун эч кандай белгилери аныкталган эмес”

Аида Исмаилова, ЖК депутаты: “Кытайдан келген келинден коронавирустун эч кандай белгилери аныкталган эмес”

22-февраль, 22:23
758 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌


-- Аида Жекшенбаевна, кечээ Кытайдан келген кош бойлуу келинди жалпы палатага, башкалар менен чогуу жаткырып коюшкандары тууралуу маселе көтөрдүңүз эле. Анын натыйжасы кандай болду? 

-- Анын баары текшерилди. Ал келин Ухандан эмес, Кытайдын башка шаарынан келиптир. Кечээ мага жазуу түрүндө жооп беришти. Аны текшеришкенде коронавирустун эч кандай белгилери аныкталган эмес. Азыр №4 төрөт үйүндө, өзүнчө палатада сохранениеде жатат. Анткени, ал келин бир нече шаар аркылуу өтө узак жолду басып келген. Мындай узак сапар  кош бойлуу келинге зыянын тийгизиши мүмкүн болчу.  

-- Саламаттык сактоо министрлиги “чек аралардагы өткөрүү пункттарына, аэропортторго мынча бөлмө, мынча койка даярдап койдук” деп отчет берип жатат. Бул канчалык туура? 

-- Мен кечээ тактадым, даярдык бар экен. “Манас” аэропортунун жанынан бир имаратты даярдашыптыр.  Алгоритм түзүшүптүр. Ал боюнча кытай жараны болобу, же биздин өзүбүздүн жарандар болобу, Кыргызстанга киргенде кандай процедуралардан өтөрү  бүт көрсөтүлүптүр. Чет жактан келгендер адегенде жалпы текшерилет экен. “Эгер кимдир бирөөдө симптомдор байкалса, алар кошумча текшерүүдөн өткөрүлүп, тийешелүү иш-чаралар жасалат” дешти. Айтор, даярдык бар эле экен. Эми Кудай сактасын! Өз тарабыбыздан биз да көзөмөлдөп турабыз. 


"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер