Бакылдаган Бактыбек Калмаматовдун духу түшүп, мизи майтарылып калыптыр

Эркиндикте жүргөндө бакылдап, ыгы келсе-келбесе деле бийликти сындай берген Бактыбек Калмаматов камалганы духу түшүп, мизи майтарылып калганын орган кызматерлери айтышты. Көчүгү түшкөн аюудай эле бакыра берсе, саясый рейтинги көтөрүлбөсүн, көпчүлүккө жек көрүнөрүн “балакай” кеч сезди окшойт. Мейли, бийликти сындай берсин, бирок улуттун маселесине келгенде, сырткы күчтөргө сыр алдырып, колтук ачып, ичтен иритүү акылга сыйбайт! Бул жагынан анын айткан сөздөрү дыкат чечмеленсе керек (чек ара ж.б. маселелер)... Натыйжада, колдогон катмары деле аз тура. Кичине чуулдап барып, тып басылышты. Жыйынтыгында, эркиндик эң жогорку баалуулук экенин Калмаматов сезип, өткөн катачылыктары үчүн өкүнгөнүн кайда жашырабыз? Соңку маектеринде “мени камагыла, өзүм барып отуруп берейин” деп да кыйынсынган. “Пенденин оозунда, Кудайдын кулагында” дегендей, эңсеген кыялы ишке ашып, түрмөдөгү жашоосу уланууда. Эми кичине акылына келип, токтолуп, турмушту түшүнө баштаса, буюрган күнү камактан чыгышы мүмкүн. Анүчүн адам болушу керек да. Ойлонбой эле одураңдай берсе кимге жагат?
"Азия Ньюс" гезити