Акыркы кабарлар
» Саясат » Динара Ашимова саткынчылыгын көрсөттүбү? Соболдор арбын...
Динара Ашимова саткынчылыгын көрсөттүбү? Соболдор арбын...
13-июль, 23:25


Бул аялга таңыркагандар толтура. Жасалма мүнөз күткөн Динара Ашимова убагында Нуржигит Кадырбековдун аркасы менен депутат болуп, бирок саткынчылык кылдыбы? “Ыйман нуру” фракциясынын лидери катары ыймансыздыгын көрсөткөн кербезиби? Бийликке кошомат кылуу жагынан камчы салдырбайбы? Адамдык туруктуулук, баалуулуктары жокпу? Султанбай Айжигитов чек ара боюнча пикирин айтса, аны “жыга чабууга” жанталашканы эмнеси? Кечээ эле кызара боёнуп жүрүп, анан эле башына жоолук салынып, бирок таалимсиздигин ашкере көрсөттүбү? Ушунча да ойт береби? Саясаттын куралы болуп, натыйжада көчөгө ыргытылабы? Айтор, соболдор арбын. Ушул сыяктуу депутаттарды жаш муундарыбыз көрүп атышып, кандай тарбия алышат? Эрксизден баш чайкайсың.
"Азия Ньюс" гезити











