Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Садыр Жапаров: “Бүгүн-эртең борбордо көмүрдүн баасы төмөндөйт”

Садыр Жапаров: “Бүгүн-эртең борбордо көмүрдүн баасы төмөндөйт”

15-ноябрь, 17:32
1 396 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда Бишкек шаарындагы ТЭЦ–2 жанында пайда болгон конуштун жашоочулары менен жолугушту. Буга чейин ушул жылдын августунда мамлекет башчысы стратегиялык объектте болуп, андан соң жергиликтүү тургундар менен жолугушкан. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ТЭЦ-2нин айланасындагы тилкелерди трансформациялоо, социалдык объектилердин курулушу жана башка көйгөйлөр боюнча маселелерди көтөрүшкөн.

Ал билдиргендей, электроэнергия менен көйгөйдү чечүү үчүн ТЭЦ–2 стратегиялык объектисин 2022-жылдын соңу, 2023-жылдын ортосунда ишке киргизүү пландалууда.

Мамлекет башчысы Кыргызстан дарыялардын башында турганына карабай, бүгүнкү күндө коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттоого аргасыз болуп жатканын эске салды. Ал электроэнергиянын тартыштыгына байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн мамлекет кошумча ТЭЦ жана кичи ГЭСтерди курууну пландап жатканын айтып берди.

Тилкелерди трансформациялоого байланыштуу президент Садыр Жапаров министрлер кабинетине тийиштүү тапшырма берди.

«Ушул жуманын аягына чейин министрлер кабинетинин токтому чыгып, андан кийин энергетиктер башка бардык процедураларды бүтүрүп, андан соң кызыл китептерди чыгаруу башталат» деди ал.

Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө ТЭЦ–2 жанындагы конушту Бишкек шаарынын курамына киргизүү жөнүндө маселени чечүү тапшырылды.

Мамлекет башчысы ТЭЦ–2 жанында пайда болгон конуштун тилкелерин тараснформациялоо маселеси узак жылдардан бери чечилбей келгенин белгилеп, мындан ары жер басып алуу деген түшүнүк болбой турганын айтты.

Жергиликтүү тургундар менен жолугушууда Президент Садыр Жапаров күз-кыш мезгилиндеги көмүрдүн баасын чечүү боюнча Министрлер Кабинетине тапшырмалар берилгенин белгиледи. Анын айтымында, бүгүн-эртең борбордо анын баасы сезилерлик төмөндөйт.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер