Канат Абдрахматов УИАны таратып тынабы?

Ушундай. Улуттук илимдер академиясында коррупция аныкталып, бул боюнча тергөө аракеттери жүрүп жатканы ЖМКларга кабарланды. Деги бул жакта эмне болуп атат? УИАга Канат Абдрахматов президент катары дайындалгандан бери ойрондолгон кезеңиби? Философия, тарых институттары онлайн иштөөгө өтүшүп, академиядан кубаланып чыкканын кандайча түшүнөбүз? Эң маанилүү илим булактары ушинтип кодуланган кербезиби? Таңгалычтуусу, УИАга мамлекеттик мекемелер көчүп киришип, иштеп атканына эмне дейсиңер? Ооба, олуттуу суроолор абдан арбын. Илим очогун өнүктүрүүнүн ордуна чачыратып, аянычтуу абалга алып келгендерди келечекте кандай жаза күтөт? Бул боюнча илимпоздор, интеллигенция чындыкты ачык айта алышпай, баштарын коңулга тыгышып, жеке кызыкчылыктарын сактоо таризинде кайдыгерликке батып жатышат. Канат Абдрахматов чалмакейди чалып, УИАнын түбүнө жеткени калдыбы? Эрксизден баш чайкайсың. Коңшу өлкөлөр бул багытта өнүгүүдө. А бизде илим изилдөөнү түшүнбөгөндөр келип алышып, кайсы чекке чейин кыйратып барышар экен? Кайран гана СССРден калган мурастарыбыздын баркына жетпей, жер менен жексен кыла жоготууга баратканыбыз өкүндүрөбү? Каңырык түтөйт да...
"Азия Ньюс" гезити