Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Шайлоого катышкан партиялардын артында россиялык генералдар жана полковниктер бар”

“Шайлоого катышкан партиялардын артында россиялык генералдар жана полковниктер бар”

01-октябрь, 23:36
1 017 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкекте саясат талдоочулардын эл аралык конгрессинин өкүлдөрүнүн катышуусунда “тегерек үстөл” болуп өттү. Анда “Беларустагы кырдаал жана анын Кыргызстанга тийгизчү таасири” талкууланып, бир гана кыргызстандык эмес, өзбекстандык жана россиялык саясат талдоочулар да онлайн режиминде катышышты. Кыргызстандын саясат талдоочулары жана саясатчылары Бакыт Бакетаев, Феликс Кулов, Калнур Ормушев, Марат Сүйүнбаев жана Зайнидин Курманов парламенттик шайлоодон кийин нааразы болгон тараптар кандай аракеттерге баруусу мүмкүндүгүн талдоого алышты. 

Зайнидин Курманов Беларуста болуп жаткан окуяларды “адамдардын аң-сезиминин революциясы” деп атады. Ал белгилегендей, аң-сезимдин революциясы социалдык төңкөрүшкө алып келет. Ошондой эле ал Лукашенко өз убагында туура кадам жасагандыктан, өлкөнүн экономикасы кыйроого учурабай, калкы катаал кризистен чыкканын айтты. Мындан улам беларустар кыргыздардай кыйынчылыкка тушукпай, байыркы гректердей спорт менен алектенип, философияны окууга мүмкүнчүлүктөрү арбын болду. 

“Бирок андан бери көп жыл өттү. Учурда 4-муун эрезеге жетти. А бирок бийлик, башкаруу илгерки бойдон. Эл кайсы бир убакта өзгөрүүнү талап кылат. Ал жактагы кырдаалды “бархат революциясы” деп атап койсок болот. Биздикиндей катаал, каардуулук менен чыгышкан жок, кандайдыр бир жумшактык, өз пикирин билдирип, талабын айткан бекемдик көрүнүп турат. Ал эми Кыргызстандын жайы такыр башка. Бизде 1990-жылдагы Акаев бийликке келердин алдындагы окуяны кошкондо үч революция болду. Ар бири ар башка шартта, ар башка жол менен өттү. Ошондуктан саясый элиталар дагы бир революциянын кесепетин көрө билип, социалдык жарылуу болот деп чакырык таштабай, бул темага аяр мамиле жасоосу зарыл” деди Курманов. 

Россиянын саясат талдоочусу Александр Собянин тегерек үстөлдү” бир билдирүүсү менен кызытты. Ал Кыргызстандагы 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого катышып жаткан ар бир партиянын артында россиялык генералдар жана полковниктер турарын жар салды. Ал мурдагы союздан тараган өлкөлөрдүн тынчы жок болуп, улам биринде элдик толкундоолор орун алып жатканынын башкы себеби катары – акчаны белгиледи. Бул окуяларда Россиянын ийгиликтүү ойноп жатканын, ал түзгөн сценарий боюнча акырындык менен Кыргызстан, Казакстан, Беларусь, Украина ж.б. мурдагы союздук республикаларда демократиялык эмес, авторитардык башкаруу пайда болушу зарыл. А мында Кыргызстан чечүүчү ролду ойноодо. 

“Анткени, Кыргызстан баштабаса башка өлкөлөрдү тартуу мүмкүн эмес. Кыргызстан эшигин кенен ачып жашоого үйрөнгөн өлкө. Азыр өлкө системасын өзгөртүүгө даяр эмес. Өзгөртүүнү баштап жиберсе, ансыз да каражаты аз өлкө такыр эле жашоого эч нерсеси жок калат. Парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын биринде да мамлекеттин эртеңине болгон так сунуш жок. Бул силерге жакса-жакпаса да ар бир партиянын артында россиялык генерал жана полковниктер турарын моюнга алуу керек” деди Собянин. 

Кыргызстан жасай турган революциясын эчак жасаган. Төңкөрүштүн эң чокусуна чыгып түштү. Андан башка революция болушу мүмкүн эмес. Мындай пикирин саясат талдоочу Бакыт Бакетаев билдирди. Айтымында, Минсктеги толкундоолор бул элдин эгемен тарыхында биринчи жолу болуп атат. А бул жолду кыргызстандыктар үч ирет басып өттү. 

“Күн дагы кечинде батат, эртең менен чыгат. Кандай гениалдуу жетекчи башкарып жатпасын, ал өтө узакка созулса, кайсы бир убакта адамдардын жүрөгү өзгөрүүгө, алмашууга умтула баштайт. Ошондуктан, Беларустагы окуяда кандайдыр бир образ менен бул маселени чечүүгө жол издеп, кайсы бир демократиялык принциптерди калыптандыруу зарыл. Бирок биздин президент айткандай, “демократия опурталуу нерсе, аны пайдаланууну билүү шарт” деп Беларустагы кырдаал тууралуу көз карашын айтты. 

Андан ары саясат талдоочу Кыргызстанды шайлоодон кийин күтчү окуяларды божомолдоду. Ал шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон тараптар элди көчөгө чыгарып, буга чейинки революцияларда болгон көрүнүштөрдү – мисалы, дүкөндөрдү тоноо ж.б. кайталоого аракет жасоосу ыктымалдыгын четке какпады. Бирок, муну баштаган саясатчылардын кылыгынын кесепети өз башына муш болорун да эскертти: “Укук коргоо органдары бул жааттан тажрыйбалуу болуп, мындай кырдаалдарда кантип так, ыкчам реакция кылуу керектигин билип калышты. Андыктан элди көчөгө чыгарууга аракеттенгендердин баары камалат. Кимдир бирөөнүн атактуулугуна, элге кадыры өткөнүнө да карабайт. Анткени биринчи кезекте эл-жердин тынчтыгы зарыл. Кыргызстан үчүнчү революцияны көтөрө албайт” деди Бакетаев

Тегерек үстөлдүн” башка катышуучулары Бакыт Бакетаевдин ой жорумуна кошулуп, кыргыз өлкөсүнө дагы бир революция ашыкча болорун жана ал экономиканын такыр талкалануусуна алып келерин белгилешти. Эксперттер мында бир гана экономика себеп эместигин, үч жолу революция жасап, бийлик алмаштырган эл чарчап, дагы көчөгө чыгуудан жалкып калганын да эске салышты.


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер