Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Депутат Самат Ибраев эл аралык аферисттер менен табакташ, криминалбы?

Депутат Самат Ибраев эл аралык аферисттер менен табакташ, криминалбы?

07-октябрь, 16:25
1 533 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ушундай эл өкүлү бар. Самат Ибраевдин тегерегиндеги ызы-чуу басыла элек. Ал кезинде “Саякбай” фондун түзүп, ал фонд “Манасты” элге, дүйнөгө жайылтуу, изилдөө иштерин жүргүзмөк. Бирок улуу манасчынын атын жамынган бул фонд “Манасты” бурмалаган жайсаңчылардын уюгуна айланган. Азыр иши токтоп, эмне кылып жатканы белгисиз, андан кийин Ибраев “Манас” эпосу тууралуу жаңы мыйзам долбоорун алып чыкты, анысы ошол эле жайсаңчылардын идеяларына сугарылган экен, коомчулук каршы чыгып, кабыл алынган жок. Самат Ибраев акыркы мезгилде банк иштери боюнча В.Фролов дегенге мыйзам долбоорун даярдатып, анысын өткөрө албай, ортодо “президент Садыр Жапаров колдоп жатат” деп, анын атын сатканга чейин барды эле, басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев расмий жооп бергенге мажбур болду. “Ибраев банк тууралуу даярдаган мыйзам улутка коркунуч алып келет” деп айткан Толкунбек Абдыгуловго асылып жатып, алып түштү. Аянтта болсо “Самат Ибраев алган акчаларын бербей жатат” деп митинг уланды. Депутат болсо алган карыздарын баласына шылтоодо. “Алма сабагынан алыс түшпөйт” да. Ушундан улам акырын сүйлөп, сыртынан маданияттуу көрүнгөн бул эргул чындыкты бетине айткан депутат Мирлан Жээнчороев менен “эркекче сүйлөшөм” деп эдиреңдеди. Аныгында, Самат Ибраев эл аралык аферисттер менен табакташ, криминал болуп жүрбөсүн, ыя?! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер