Бакиевчилер Эмил Шерматов менен Мелис Чакиевдин “кара издери” ачылабы?

Эрксизден Курманбек Бакиевдин кандуу режими эске түшүүдө. Агезде Эмил Шерматов Акүйдө кагаз ташыган кичинекей чиновник эле. Кийин Икрам Илмияновдун жакын адамына айланып, ар кандай каржылык иштерди жайгарып жүрчү. Айтор, кайсы бийлик келсе да ээрден түшпөй, же үзөңгүгө жармашып келатат. Учурда Эмил Шерматов президенттин иш башкармалыгынын орун басары катары көзгө олдоксон урунду. Береги сүрөттө көрүнүп тургандай, ал Бакиевдин шопуру Мелис Чакибаевди “Ала-Арча” паркынын жетекчилигине дайындап аткан чагы. Дараметсиз шефи Бакыт Кудайбергеновдун тапшырмасын аткаруу менен Мелис Чакибаевди айга-күнгө теңеп, профессионал катары көбүрткөнүн көрдүк. Мындайда жандан түңүлөт экенсиң. “Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт” дегендей, бири-бирине бап келишкен эргулдарды карагылачы? Ушулар ишти кыйратып жиберерине шегибиз бар. Ток этерине келсек, Эмил Шерматов менен Мелис Чакиевдин артында калган “кара издери”, кагазга оролгон, бирок ачылбаган былыктары арбын экени каңкууланды.
"Азия Ньюс" гезити