Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өкмөт коронавирусту, Ат-Башыдагы кытай инвесторун да түшүндүрө албайбы?

Өкмөт коронавирусту, Ат-Башыдагы кытай инвесторун да түшүндүрө албайбы?

03-февраль, 17:08
509 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кытайга болгон эшигин көп мамлекеттер жаап, коронавирустан коргонууга өтүшкөн. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул дартка байланыштуу 31-январда өзгөчө абал жарыялаган. Тилекке каршы, Кытайда коронавирустан каза тапкандар 300дөн ашканы, апаат барган сайын курчуп баратканы маалымдалууда. 30га жакын өлкөдөн коркунучтуу тумоонун белгилери байкалганы, айрымдары өлө баштаганы ЖМКларда чыгууда. 

Мындай шартта КР өкмөтү маалыматтык күрөштөн утулуп атканы өкүндүрөт. Сактануу жолдорун кандай алкакта жүргүзүп атышат? Анысын да коомчулукка жеткире алышпаганы кандай?

Башкасын айтпасак да, Ат-Башыга кытай инвестору тарабынан ачыла турган соода логистикалык борбордун курулушуна дыкаттык көзөмөл жүргүзүлө турганын билдирип, элге коркунучу болбой турганын аныктап, түшүндүрүү иштерин ынанымдуу айтышканда, нааразычылык басылат беле? Ар кандай коркунучтуу кептерге кабылган карапайым элди басмырлабай, баарын ачык-айкын айтып, келечекке карай омоктуу ой ташташ керек эле го? “Бийликтин ээси эл” дейт. Жергиликтүү тургундар менен эсептешпей эле дүңүнөн урдура беришсе, тиягынан Кытайды коронавирус каптап атса, анан нааразычылык жаралат да, туурабы? Эң башкысы, өкмөт башчы Абылгазиев инвесторлорго ыңгайсыздык түзбөй, кырдаалдын алдын алуу менен иш кылса болмок. Учурда эл ичинде ар кандай кооптонуулар жаралууда. Иштешпейби?.. Түштөн кийин “өкчөлгөнүң” кимге керек?..


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер