Акыркы кабарлар
» Саясат » Сокенин блогер, фейктери Жапаров менен Ташиевди каралай беришеби?
Сокенин блогер, фейктери Жапаров менен Ташиевди каралай беришеби?
28-август, 18:21
1 824 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌УКМКга сурак берип баштагандан бери Сооронбай Жээнбековго караштуу блогерлер, фейктер Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди жамандашып, каралоого өтүшкөнү байкалууда. Атайын пиар кампанияга миңдеген долларлар бөлүнсө, аларга туйтунган “жазмакерлер” бийликти шыбашып, моокумдары канбай жатышабы? Соке ачык күрөшкө чыга албай, коңулдан коңурсуй береби? Мындай кылыгы уланып отурса, сентябрда депутаттар каникулдан келгенден кийин экс-президент макамы алынып, тагдыры андан ары татаалдашып калбайбы? Кумтөр иши боюнча коррупцияга малынгандар тегиз камалып жатышканда, бир адамды аяп коюшпайт го? Күтө туралы. Ал эми келечекте Сооронбай Жээнбеков командасы менен Кой-Таш окуясы боюнча жазага тартылышары шексиз...
"Азия Ньюс" гезити