Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элвира Сурабалдиева, ЖК депутаты: “Аял сабаган туура эмес экенин эркектерге түшүндүрөлү”

Элвира Сурабалдиева, ЖК депутаты: “Аял сабаган туура эмес экенин эркектерге түшүндүрөлү”

17-январь, 16:28
620 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Элвира айым, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча мыйзамга түзөтүүлөр киргизилиши керектигин талап кылып жатасыз. Проблеманы жоюунун бирден-бир жолу ушул деп эсептейсизби? 

-- Парламентке так ушул үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча ички иштер министринин орун басары мыйзамга өзгөртүү-толуктоолору менен алып келиши керек эле. Анткени, мурдагы кодекстерде үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы атайын административдик жаза катары 3 күндөн 5 күнгө чейин камап коюу каралган эле. Жаңысында ал түшүнүк жок болуп калды. Эми ошого түзөтүүлөрдү киргизип алып келбей жатышат. Ар кандай шылтоолорду айтышууда. Бул ачык эле укук коргоо органдарынын кайдыгерлик мамилеси деп түшүнсөк болот. Негизи эле биздин коомдо үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка жеңил мамиле болуп жатат. Бул өтө өкүнүчтүү. Өкмөттү чакырып, ушул айда бул маселелердин айланасында маалымат угабыз.

-- 3-4 күндүн ичинде зомбулуктан көз жумган беш учур катталды. Бул иштерде жоопкерчиликке тартуу канчалык аткарылууда, же такыр эле көз жаздымда калып жатабы? 

-- Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан каза тапкан бир адамдын мамлекеттик чыгымы 1 млн. 600 миң сомго айлана турганын беш жыл мурун эл аралык уюмдар эсептеп чыгышкан. Бул сумма балдары жетим калса, милициянын ишине, дагы башка иштердин эквивалентин санап, чыгарышкан. Ал эми мамлекет эмнеге буга көз жумуп келатат? Мен ушуга түшүнбөйм. Бул – бир жагы.

Экинчи жагы – коллегаларым да айтып атышат, зомбулуктан көз жумган учурда иш козголот. Бирок, аягында аялдар өздөрү күнөөлүү болуп чыгат. Бир депутат коллегам микрофонго чыгып, айтып атат, “мүмкүн күйөөсү мас болуп келсе, аялы туура эмес сүйлөп койду” деп. Бул биздин эркектерибиздин түшүнүгү. Мен бул деңгээлге абдан таңгалам. Айымдарды өлтүрүп салганына алар өздөрү күнөөлүүбү? Кочкордо, Баткенде, Ысык-Көлдө, Жалал-Абадда удаа-удаа беш учур катталды. Жакшынакай келиндер, энелер үй-бүлө зомбулугунан тиги дүйнөгө кете беришти. Туугандары буга чейин деле сабалып келишкенин айтышат. Бирок, эмнеге, мурдатан сабалып келгенин билишсе унчукпай келишти? “Турмушка чыктыңбы, өлтүрүп салганга чейин келбе!” деген эмне деген түркөйлүк. Бизде келин-кыздарыбыз ушунчалык жакшы тарбия көрүшкөн. Салтыбызда мыкаачылык жок, “кыздын кырк чачы улуу” деп аяар мамиле кылып, төркүлөп келген кызды төргө чыгарып сыйлашкан. Анан жанагындай кырдаалдарда коом да биргелешип, проблеманы жапырт көтөрүп, жоюш керек, алдын алыш керек да. Мырзаларыбыз да ойлонуп сүйлөп, терең ой жүгүртүп, аял сабаган туура эмес экенин эркектердин баарына жеткириш керек.

-- Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун “айылда эшек калбай калды, эл эшек минбей калды” деген сөзү соцтармактарда катуу сынга алынып жатат. Соцтармакта отурган адам катары сиз кандай кабыл алдыңыз муну? 

-- Биз өкмөттү ансыз деле көп сындайбыз. Бирок, бул айтканынын төркүнүнө мен деле жакшы түшүнгөн жокмун. Вице-премьер аймактарга барганда “мурда эшек мингендер көп болсо, азыр машине минип калышты” деген оюн айтайын десе керек. Бул “жалпы элдин жашоосу оңолуп баратат” дегени болсо керек, менимче. Эми ал бизге караганда региондорду көбүрөөк кыдырат, бизге караганда көбүрөөк нерселерди көрөт, жолугат эмеспи... 


Динар ТУРДУГУЛОВА

  "Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер