Акыркы кабарлар
21:02
» Саясат » “Манас” улуттук академиясын театрга эле кошуу туурабы?
“Манас” улуттук академиясын театрга эле кошуу туурабы?
29-апрель, 22:57

Акыры алгылыктуу баа берилиши керек. Жазуучулар, адабиятчылар арасында “Манас” улуттук академиясын театрга эле кошуу туура экени айтылууда. Ошондо өнүгүүгө жол чабылабы? “Аты улук, супарасы курук” дейт эмеспи. Анын сыңарындай, “Манас” улуттук академиясы аталышын алышып, бирок кыйраткан иштери жок бакылдап отурушса кандай? Негизи чыгармачылыктын мөмөсүн, иштин үзүрүн көрсөтүшсө, илимий изилдөө, ачылыштар болсо, анан улуттук академия (!) деген атка арзыйт да, туурабы? Андыктан, жөн эле опурула берүү жарабас. “Айдаганым беш эчки, ышкырыгым таш жарат” дечү беле? Акыры акыл калчай турган кез келди окшойт.
"Азия Ньюс" гезити