Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ташиев Германиядан шашылыш учуп келатат. Тажиктерге кандай жооп узатат?

Ташиев Германиядан шашылыш учуп келатат. Тажиктерге кандай жооп узатат?

29-апрель, 16:30
967 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баткенде кыргыз-тажик согушуп, жарадарларды көтөрүп бараткан видеолор тарап жатат. Мекендештерибиз кыйын кезеңге туш болуп атса, кандай жардам көрсөтөбүз? Борбордук бийлик эмнеге үндөбөйт? Эгерде тажиктер токтобой эле аткылай беришсе, Бишкектен, аймактардан кошумча күчтөр, курал-жарактар жеткизилеби? Ооба, арга кеткендеги суроолорго жооп издейсиң...

Бүгүн УКМКнын басма сөз кызматы Камчыбек Ташиевдин чет өлкөгө дарыланууга кеткенин кабарлашты. Ал буга чейин Тажикстанга жүктөрдү өткөзбөй бууп, керек болсо курал колдонууну эскертип, чек ара маселесин чечүүнү билдирген. 

Ал эми кечээ Sayasat.kg сайты мындайча жазды: “Лейлек районундагы Козу-Баглан дарыясына курула турган болуп жаткан суу сактагычтын Тажикстанга эч кандай тиешеси жок. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Эске салсак, Тажикстандын жергиликтүү басылмалары тажик бийлигинин Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүнө жообун жарыялаган. Анда тажик тарап Козу-Багланга суу сактагыч курула турган болсо Согда облусундагы бир топ райондор суусуз каларын эскертишкен. Ошондой эле алар мындай нерсе эки тараптын макулдашуусу аркылуу ишке ашаарын, бул мамлекеттер аралык келишимге ылайык келээрин белгилешкен. "Суу сактагыч курулат деп айтылып жаткан аймак Кыргызстандын терең аймагында жайгашкан. Чек ара аймагына кирбейт. Экинчиден, суу сактагыч курулса, эл кошумча 15 гектардай суугат жерге ээ болот. Үчүнчүдөн, мамлекеттер аралык келишимде эгер курулуш мамлекеттин өзүнө таандык, талаш эмес аймагында жүрсө макулдук алууга негиз жок деп каралган. Биз өз аймагыбыздагы курулуш үчүн макулдук албайбыз. Тажикстан деле Ворухта ар кандай курулуштарды жүргүзүп жатышат. Бир жолу уруксат сураштыбы?! Ал убакта эмнеге мамлекеттер аралык келишимди эстешкен жок? А биз эмнеге өз аймагыбызда жайгашкан дарыядан өз жерибизге суу сактагыч куруу үчүн алардын макулдугун алышыбыз керек?!", - деди Камчыбек Ташиев”

Дал ушул өзүбүздүн аймакка курула турган суу сактагыч үчүн тажиктер ок чыгарыштыбы? Албетте, мындан башка да кыргыздын жерлерин тажиктер үстүмдүк кылуу менен талашып келаткан жалганбы?

Бүгүн болсо Баткендеги абалдан улам Камчыбек Ташиев Германиядагы клиникага жетпей артка бурулганын, түнү менен келип каларын, мекендин чеги өмүрдөн да кымбат турарын Фейсбуктагы баракчасына жазды. Бир нече сааттардан кийин Ташиев келип, Баткенге барса, кандай сүйлөшүүлөр күтүлөт болду экен?..


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер