Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мэр Токторбаев губернатор Жантаевди чүнчүтүп салдыбы?

Мэр Токторбаев губернатор Жантаевди чүнчүтүп салдыбы?

03-март, 19:48
2 219 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Күнү-түнү күркүрөп иштеп аткан мэр Жеңишбек Токторбаев коомчулуктун көңүл борборунда. Алкагандар да арбын, сындагандар дагы болууда. “Беш кол тең эмес” дегендей. Резонанстуу дымак жаратып, кызыл сызыктан чыгып кеткен үйлөрдү, имараттарды тегиз жылдырууга киришкени, мамлекеттин жерин басып алгандардын жүзүн ачканы (Мырзакматов сыяктууларды), жетекчилерди кагып-силкип, тартипти катуу кармаганы, айтор, баардык тарабынан оозго алынып атканы маалым. Ооба, Жеңишбек Токторбаев чоң тобокелдикте баратат. Баштаган ишин аягына чыгаруу үчүн эрки жетеби? Көпчүлүк ушул өңүттөн байкоо салууда... Кызыгы, бул жакта ушундай машакат болуп атса, Ош облусунун губернатору Элчибек Жантаев өзүнчө чүнчүп, кабинетинен чыга албай калдыбы? Мэр Токторбаевдин көлөкөсүнөн көрүнбөй, жүүнү бош экени, эмгекке жарамсыздыгы кашкайдыбы? Экөөнүн ишмердиги асман-жердей го? Элчибек эптей албаса, кызматты кор кылбай кете бербейби? Ооба, келечекке карай дагы олуттуу суроолор кабыргасынан коюлат.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер